Арап коалициясы хусилерге таандык бир куралдуу учкучсуз аба аппаратын атып түшүрдү

Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөр Йемендин хусилерге каршы өкмөтүн 2015-жылдын март айынан бери колдоп келет.

1485276
Арап коалициясы хусилерге таандык бир куралдуу учкучсуз аба аппаратын атып түшүрдү

Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү Иран колдогон хусилерге таандык куралдуу учкучсуз аба аппаратын атып түшүргөнүн жарыялады.

Сауд Арабия маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Арап коалициясынын катчысы Турки ел  - Малики хусилерге таандык куралдуу учкучсуз аба аппаратынын Сауд Арабияда жарандык отурукташуу жерлери жана жарандарды системалуу жана максаттуу түрдө бутага алганын айтты.

Хусилерден бул тууралуу азырынча маалымат келген жок.

Саясий туруксуздук уланып жаткан Йеменде  башкарууну колго алууну каалаган Иран колдогон хусилер 2014 - жылдан бери айрым аймактарды, айрыкча борбор шаар Сананын көзөмөлүн колго алган.

Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөр Йемендин хусилерге каршы өкмөтүн 2015-жылдын март айынан бери колдоп келет.

 

 

 



Тектеш кабарлар