Израиль менен БАЭнин ортосунда жүк ташуу каттамдары башталат

Бириккен Арап Эмираттары 1979 -  жылы Египеттен, 1994 -  жылы Иорданиядан кийин Израиль менен калыбына келүү келишимине барган үчүнчү арап өлкөсү болду.

1484755
Израиль менен БАЭнин ортосунда жүк ташуу каттамдары башталат

 Израил менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда жүк ташуучу учактардын каттамдары 16-сентябрда башталаары белгилүү болду.

Израилдин коомдук телерадио берүү корпорациясы КАН эки өлкөнүн ортосундагы калыбына келүү келишиминен кийин Израилдин улуттук авиакомпаниясы Эль Алын Бириккен Араб Эмираттарына жума сайын жүк ташуучу каттамдарын аткара баштай тургандыгын жана биринчиси 16-сентябрда ишке ашарын жарыялады.

Израилдик авиакомпаниянын расмий өкүлдөрү жүк ташуучу учактардын ​​шаршембиде Тель-Авивден учуп, Бирикен Арап Эмираттарынан жума күнү Тель Авивге кайтып келерин билдиришти.

Учактардын ​​айыл чарба продукцияларын жана техникалык жабдууларды ташый тургандыгы, эки өлкөнүн ортосундагы сооданын өнүгөөрүн жана Азия өлкөлөрүнөн Израилге товар жүктөөдө Бириккен Арап Эмираттарынын  станция катары иш алып бара тургандыгын билдиришти.

31-августта Тель-Авив менен Абу-Дабинин ортосунда биринчи соода каттамы ишке ашып, Сауд Арабия башкаруусу тарыхта биринчи жолу Израиль аба жолдоруна таандык учактын аба мейкиндигин пайдалануусуна уруксат берди.  

АКШнын президенти Дональд Трамп 13 - августта Израиль менен Бириккен Арап Эмираттарынын  "мамилелерин толугу менен калыбына келтирүү" боюнча келишкендерин жарыялаган.  

Бириккен Арап Эмираттары 1979 -  жылы Египеттен, 1994 -  жылы Иорданиядан кийин Израиль менен калыбына келүү келишимине барган үчүнчү арап өлкөсү болду.



Тектеш кабарлар