ДСУ:«Ковид-19га каршы эмдөөнү кеңири жайылтуу иштери келерки жылдын ортосуна чейин күтүлбөйт»

Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында Харрис, Ковид-19 вакцинасын изилдөөдө узак жолду басып өткөн 6-9 изилдөө бар экендигин жана алар III фазалык клиникалык сыноолорго киргендигин билдирди.

1485028
ДСУ:«Ковид-19га каршы эмдөөнү кеңири жайылтуу иштери келерки жылдын ортосуна чейин күтүлбөйт»

Дүйнөлүк Cаламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) басма сөз катчысы Маргарет Харрис, коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы эмдөөнү кеңири жайылтуу иштери келерки жылдын ортосуна чейин күтүлбөйт деп билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында Харрис, Ковид-19 вакцинасын изилдөөдө узак жолду басып өткөн 6-9 изилдөө бар экендигин жана алар III фазалык клиникалык сыноолорго киргендигин билдирди.

Харрис Ковид-19 вакцинасынын таасири жана коопсуздугу боюнча катуу текшерүүлөрдүн маанилүүлүгүн белгилеп, «Бул фаза (III этаптагы клиникалык сыноолор) дагы узак убакытты талап кылышы керек, анткени вакцинанын канчалык деңгээлде коргоочу жана коопсуз экендигин билишибиз керек»,деген серебин салды.

Эмдөө иштеринин ар бир баскычында "коопсуздук" процедураларын колдонуу керектигин белгилеп, бул процессти узартып жаткандыгын айткан Харрис, дүйнө жүзү боюнча вакцина өндүрүүчүлөр убакыт менен жарышып жаткандыгын айтты.

Харрис: «Бирок, реалдуу убакыт алкагы боюнча, эмдиги жылдын ортосуна чейин кеңири эмдөө (Ковид-19 үчүн) болот деп күтпөйбүз»,-деди.

Басма сөз катчысы Харрис Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму катары дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашаган адамдарга Ковид-19 вакцинасын алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн иштеп жаткандыгын кошумчалады.



Тектеш кабарлар