Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирустун таасири

Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны 68 569га жогорулады. Бейтап саны 3  миллион 936 747ге чыкты.

1484801
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирустун таасири

Жаңы тип коронавирустун айынан жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 873 500 миңден ашты. Бейтап саны 26 миллион 475 570 болуп,   айыккандардын саны 18 миллион 682 000ден жогорулады.

Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны 68 569га жогорулады. Бейтап саны 3  миллион 936 747ге чыкты.

Иранда 24 саатта каза каза болгондордун саны 118ге көбөйүп жалпы каза болгондордун саны 22 миң 44кө, вирус жуккан киши саны 382 772 болду. 

Россияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 17 649га жетти. Өлкөдө ошол эле убакытта 5 110 кишиде вирус аныкталып, бейтап саны 1 миллион 15 105ке жогорулады. Ушундайча 15 -  августтан бери күнүмдүк бейтап саны кайрадан 5 000ден ашты.

Жалпы Африка материгинде эпидемиядан каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 296 кишиге көбөйүп 30 миң 667ге жогорулады. Жалпы материкте вирус жуккан киши саны 7 889га көбйөүп, 1 миллион 281 149 болду. Ушул күнгө чейин Ковид  - 19дан эң көп киши каза болгон Түштүк Африкада14 563 киши каза болсо, Египетте 5472, Алжирде 1529 киши каза болду.

Эпидемиядан 985 киши каза болгон Израилде акыркы 24 саатта 3 000ге жакын бейтап катталды. Башкаруу вирус жайылган 30 облус менен райондо карантин киргизүү чечимин чыгарды. Карантин киргизилген жерлерде мектептер жабылып, коомдук тарспорт токтотулат, дарыкана, нан бышыруучу жерлер жана магазиндерден башка бардык жерлердин ачылышына уруксат берилбейт.

Ковид  - 19 эпидемиясында акыркы 24 саатта Кытайда 25, Түштүк Кореяда 198 жаңы учур катталды.



Тектеш кабарлар