БУУ жашыл энергияга инвестиция салууга үндөдү

Антонио Гутерреш өнүккөн өлкөлөрдү, айрыкча Японияны көмүр жана казып алынган отундан баштартып, жашыл энергияга инвестиция салууга үндөдү.

1484747
БУУ жашыл энергияга инвестиция салууга үндөдү

 Бириккен Улуттар Уюмунун  Башкы катчысы Антонио Гутерреш өнүккөн өлкөлөрдү, айрыкча Японияны көмүр жана казып алынган отундан баш тартып, жашыл энергияга инвестиция салууга үндөдү.

Япониянын экология министрлигинин жетекчилиигндеги «Ковид  - 19дан туруктуу калыбына келтирүү үчүн онлайн платформа" деген конференция өткөрүлдү.

Конференцияда сөз сүйлөгөн БУУнун Башкы катчысы Гутерреш өнүккөн өлкөлөрдөн, айрыкча Япониядан, коронавирустан арылуу менен бирге, казылып алынган отунга болгон көзкарандылыкты азайтып, жаңыланууга боло турган энергияга инвестиция салууну өтүндү.

«Ковид  - 19 жана климаттык алмашуу сыяктуу эки орчундуу кризис менен бетме бетпиз»,- деген Гутерреш алдыңкы технология менен Япониянын көмүр станцияларынын  курулушун финансылоодон баш тартуу жана жаңыланууга боло турган энергияга өтүүдө лидерлик кылышы керектигин айткан Гутерреш : «Жакында кароосуз жерге айлана турган көмүр станцияларына акча жумшоо экономикалык жактан маанисиз. Эч бир инвестиция планында көмүр энергиясынын логикалык негиздери жок. Таза энергия дагы көп жумуш менен камсыз кылуу, таза аба, ден  - соолук жана күчтүү экономикалык өсүү демек»,- деди.



Тектеш кабарлар