Айрым балдардын кандарында коронавирус дагы, антителолор дагы бар

Ковид-19га чалдыккан 6 миң 300 жана антитело тесттинен өткөн 215 бала иликтенди.

1484329
Айрым балдардын кандарында коронавирус дагы, антителолор дагы бар

Айрым балдардын кандарында бир эле мезгилде коронавирус дагы, инфекция менен күрөшүүчү антителолор дагы бар.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) түрк окумуштуусу Бурак Бахардын жетекчилиги астында жүргүзүлгөн жана анын жыйынтыктары "Journal of Pediatrics" журналына жарыяланган изилдөөлөрдүн алкагында, Ковид-19га чалдыккан 6 миң 300 жана антитело тесттинен өткөн 215 бала иликтенди.

Балдар 31-марттан 21-июнга чейин Улуттук балдар ооруканасына жаткырылып, 215 баланын 33үнө ооруп жаткан мезгилинде Ковид-19 жана антитело тесттери жасалды.

33 баладан 9нун канында вирустар дагы, антителолор дагы аныкталды.

Мындан тышкары, 6-15 жаштагы бейтаптардын вирустан арылуу мөөнөтүнүн 16-22 жаштагы пациенттерге салыштырмалуу болжол менен эки эсеге көбөйгөнү байкалды.

Жаш курактары кичине бейтаптарда орто эсеп менен 32 күндөн кийин Ковид-19 тесттеринин таза чыккандыгы, бул мөөнөттүн улгайган пациенттерде орто эсеп менен 18 күн болгондугу белгиленди.

Ошондой эле, бул мезгилдин жаш курактагы кыздар үчүн 44 күнгө, ал эми ушул эле курактагы балдар үчүн 25,5 күнгө чейин созулгандыгы көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар