Белорусиядагы камоого алуулар жана АКШнын чакыруусу

Белорусияда  президенттик шайлоого каршы болуп жаткан митингдерде 173 киши камоого алынды.

1482735
Белорусиядагы камоого алуулар жана АКШнын чакыруусу

 Белорусияда  президенттик шайлоого каршы болуп жаткан митингдерде 173 киши камоого алынды. Ички иштер министрлигинин катчысы Ольга Чемоданова жекшемби күнү жалпы өлкөдө уруксатсыз митингдин болгонун белгилеп : «Бул митингдерде жалпы өлкөдө 173 киши камоого алынды. Камоого алуулар, админстративдик кылмыштар тууралуу доолор ачылганга чейин улантылат»,- деди.

Ички иштер министри Юрий Караев да митингдер башталган күндөн бери 131 полициянын жаралангандыгын, 28нин  азыр да дарыналын жаткандыгын билдирди.

Бир тараптан АКШ Белорусиядагы абалдарды жакындан иликтеп жаткандыгын маалымдады.  Ак үйдүн катчысы Кайлей МакЭнани, Белоруссиядагы окуяларды жакындан байкап жатышканын билдирип : «Тынчтыкчыл митингге чыккан масса эми өкмөттүн элдин демократияга чакыруусун көрбөстүккө сала албай тургандыгын көрсөттү»,- деди.

МакЭнани Белорусияда шайлоодогу мыйзам бузуулар менен адам укугун бузуу боюнча териштирүүгө карата эл аралык аракеттерди колдошкондорун баса белгилеп : «Тынчтыкчыл митингге чыккан масса эми өкмөттүн элдин демократияга чакыруусун көрбөстүккө сала албай тургандыгын көрсөттү. Өзгөчө Россия да Белорусиянын эгемендигине жана калкынын өз лидерин эркин түрдө шайлоо укугуна сый көрсөтүшү керек»,- деди.

Белорусияда 9 -  августта болгон президенттик шайлоодо учурдагы президент Александр Лукашенконун ийгиликтүү чыгышы менен «шайлоо манипуляцияланды» деген нааразычылык менен митингдер башталган.



Тектеш кабарлар