Япониянын жаңы премьер - министри сентябрь айында белгилүү болушу мүмкүн

Японияда өткөн жумада кызматынан кеткен Шинзо Абенин ордуна келе турган жаңы премьер  - министрдин 17 -  сентябрда өткөрүлө турган парламенттин кезексиз отурумунда шайланышы күтүлүүдө.

1482147
Япониянын жаңы премьер  - министри сентябрь айында белгилүү болушу мүмкүн

Японияда өткөн жумада Японияда кызматынан кеткен Шинзо Абенин ордуна келе турган жаңы премьер  - министрдин 17 -  сентябрда өткөрүлө турган парламенттин кезексиз отурумунда шайланышы күтүлүүдө.  кызматынан кеткен Шинзо Абенин ордуна келе турган жаңы премьер  - министрдин 17 -  сентябрда өткөрүлө турган парламенттин кезексиз отурумунда шайланышы күтүлүүдө.

Өлкөнүн NHK маалымат агенттигинин кабарына караганда бийликтеги Либерал демократия партиясынын эртеңки жалпы кеңешинде жаңы премьер  - министрдин качан шайланарына байланыштуу күн белгиленет.

Либерал демократия партиясы лидерлик жарышын 13 – 15 -  сентярбда жыйынтыктап, жаңы премьер  - министрдин шайланышы үчүн кезексиз парламент отурумун 17 -  сентябрда өткөрүүгө чакырат.

Ошол эле учурда Либерал демократия партиясынын Саясат изилдөөлөр кеңешинин төрагасы жана мурунку тышкы иштер министри Кишида Фумил менен Либерал демократия партиясынын мурунку башкы катчысы жана мурунку коргоо министри Ишиба Шигерунун ат салышары белгиленди.

Киодо агенттигинин кабарына караганда Кабинеттин башка секретары Суга Йошихиденин да жарышка кириши күтүлүүдө.

Акыркы медициналык текшерүүдөн кийин ден соолугунун кайрадан начарлаганын билдирген Шинзо Абе өткөн жумада 7 жыл 8 ай аткарган кызматынан кетүү чечимин чыгарганын билдирген.



Тектеш кабарлар