Француз офицер тыңчылык кылды деген негиз менен камалды
Италиянын Наполи шаарындагы НАТО базасында кызмат кылган француз офицер Россия үчүн тыңчылык кылды деген негиз менен камоого алынды.
Италиянын Наполи шаарындагы НАТО базасында кызмат кылган француз офицер Россия үчүн тыңчылык кылды деген негиз менен камоого алынды.
Europe 1 радиосунун кабарында аты аталбаган офицердин 21 - августта Наполидеги НАТО базасындагы ишине кайтып жатканда Россия чалгындоо кызматына жашыруун документ жана маалыматтарды берди деген негиз менен Франция ички чалгындоо департаменти тарабынан камоого алынганы жана териштирүүнүн башталганы белгиленди.
Кабарда 50 жаштардагы офицердин ошол эле күнү «чет элдик күчкө маалымат берүү, улуттун кызыкчылыктарын коркунучка салган маалымат чогултуу» кылмыштарынан камоого алынгандыгы маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.