Коалиция күчтөрү хусилерге таандык учкучсуз аба аппаратын атып түшүрдү

Жарылуучу заттар жүктөлгөн учкучсуз аба аппаратынын атып түшүрүлгөнү билдирилди.

1481279
Коалиция күчтөрү хусилерге таандык учкучсуз аба аппаратын атып түшүрдү

Йемен өкмөтүнө жардам берген Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү Иран колдогон хусилерге таандык жарылуучу заттар жүктөлгөн учкучсуз аба аппаратын атып түшүрүшкөндөрүн билдирди.

Сауд Арабиянын расмий кабар агенттиги СПАнын берген кабарына караганда Арап коалициясынын катчысы Турки ел  - Малики хусилердин Йеменден Сауд Арабиянын түштүгүндөгү Нежран шаарына жиберген жарылуучу заттар жүктөлгөн учкучсуз аба аппаратынын атып түшүрүлгөндүгүн белгиледи.

Малики хусилердин жарылуучу заттар жүктөлгөн учкучсуз аба аппарттары менен жарандык отурукташуу аянттарын атайын бутага алуу менен адам  уруктарын бузууну улантып жаткандыгын айтты.

Бул тууралуу азырынча хусилерден маалымат келе элек.

Коалициянын катчысы Малики мурунку күнү түнкү сааттарда хусилердин Нежран шаарындагы жарандарды бутага алуу үчүн жиберген баллистикалык ракетанын таасирсиз абалга алып келингенин белгилеген.

Коалиция күчтөрү өткөн жумада хусилер үч жолу жиберген баллистикалык ракета жана учкучсуз аба аппараттарын жардырышкандарын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар