Сирияда Россия жана Американын аскердик унаалары кагылышты

Америка телеканалы CNN Америкалык аткаминерлерге таянуу менен берген жаңылыктарына ылайык, мурдагы күнү Россиянын конвой унаасы "атайылап" Сириянын чыгышында америкалык армияга таандык унаага урунганда, кеминде 4 америкалык аскер жаракат алды.

1479950
Сирияда Россия жана Американын аскердик унаалары кагылышты

Сирияда Россиянын аскердик колоннасындагы унаа менен америкалык аскер унаасы кагылышып, кеминде 4 америкалык аскер жаракат алды деп ырасталды.

Америка телеканалы CNN Америкалык аткаминерлерге таянуу менен берген жаңылыктарына ылайык, мурдагы күнү Россиянын конвой унаасы "атайылап" Сириянын чыгышында америкалык армияга таандык унаага урунганда, кеминде 4 америкалык аскер жаракат алды.

Бийликтердин айтымында, Россиянын аскердик тик учагы кырсык болгон жерде тез жана төмөн учкан, бул аймакта аскерлерди таратуу үчүн колдонулган тактика экени айтылган.

Кабарда  америкалык армия кырдаалды биринчи учурдан тартып билип турганы айтылды, бирок Коргоо министрлиги (Пентагон) азырынча расмий билдирүү жасай элек.

Бирок АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жон Уллёт, шаршемби күнү Сирияда америкалык аскер унаасы менен орусиялык аскер унаасы кагылышканын ырастады. Уллёттун билдирүүсүндө, 4 америкалык аскер жаракат алган окуяда «күнөөсү орустардын мойнунда» жана «өз аскерлери, куралдуу күчтөрдүн кагылышуусуна жол бербөө үчүн чыгып кетишти» деген пикирлер камтылган.

Жаракат алган жоокерлердин абалы оор эмес экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар