Украина Чавушоглу, Калын жана Байрактарды мамлекеттик сыйлык менен сыйлайт

​​Украинанын президенти Владимир Зеленский бул жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

1479143
Украина Чавушоглу, Калын жана Байрактарды мамлекеттик сыйлык менен сыйлайт

Украина Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын жана «Байкар» ишканасынын башкы директору Халук Байрактарды ​​мамлекеттик сыйлык менен сыйлай турганын билдирди.

Украинанын Президенттигинин билдирүүсүндө, Чавушоглу, Калын жана Байрактардын ​​Украинанын президенти Владимир Зеленский кол койгон жарлык менен мамлекеттик сыйлыкка татыктуу деп табылганы айтылды.

Жарлыкта ​​Украинанын эл аралык кадыр-баркын күчтөндүрүүгө жана мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн  Чавушоглу, Калын жана Байрактардын мамлекеттик орден менен сыйлана турганы билдирилди.



Тектеш кабарлар