Россия Түркия менен биргеликте тик учак чыгарууга даяр

Андрей Богинский "Армия-2020" иш-чарасында Анадолу агенттигине (АА) маалымат берди.

1479470
Россия Түркия менен биргеликте тик учак чыгарууга даяр

Россия Түркия менен тик учак технологиялары жана өндүрүшү боюнча кызматташууга даяр экендиктерин билдирди.

Россиянын Ростех мамлекеттик коргонуу өнөр жай ишканасына караштуу «Орусия тик учактары» компаниясынын башкы директору Андрей Богинский Москвада өткөрүлгөн "Армия-2020" иш-чарасында Россия менен Түркиянын ортосунда тик учак өндүрүшүнө байланыштуу Анадолу агенттигине (АА) маалымат берди.

Түркияга өрт өчүрүүчү үч даана Ка-32 тик учагынын тапшырылганын белгилеген Богинский, Ка-32 тик учактары Түркия менен катар Европанын ар кайсы өлкөлөрүндө да колдонулуп жаткандыгын айтты.

Түркия менен Россиянын ортосунда ​​технология жана өндүрүш жаатында кызматташтык түзүлө алаарын баса белгилеген Богинский: «Түркия менен тик учак технологиясы жана өндүрүшүндө кызматташууга ачыкпыз. Тема рыноктун абалы жана өндүрүлө турган продукциянын келечеги жөнүндө. Бул жаатта кызматташууну талкуулоого даярбыз»,-деди.

Богинский, өткөн жылы президент Режеп Таййип Эрдоган менен Москвага болгон жолугушуудан кийин жасаган билдирүүсүндө, Түркиянын Авиация жана космостук өнөр жайында өндүрүлгөн бөлүктөрдүн Россияда колдонулса болоорун айтып: «Россия катары Түркия менен биргеликте тик учак чыгаруу мүмкүнчүлүгүн да карап жатабыз» деген эле.



Тектеш кабарлар