Ухандык жооптуу кызматкерлер Ковид-19ду Пекин өкмөтүнөн бир топ жума бою жашырышкан

АКШнын CNN телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда, АКШнын чалгындоо кызматынын өкүлдөрү Ухандын жооптуу кызматкерлери эпидемиянын биринчи мезгилинде Ковид-19 жөнүндө Пекин администрациясына билдиришкен эмес деген жыйынтыкка келишкен.

1477241
Ухандык жооптуу кызматкерлер Ковид-19ду Пекин өкмөтүнөн бир топ жума бою жашырышкан

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) чалгынчылары Кытайдын Ухань шаарында, коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) пайда болгонун билсе дагы жооптуу кызматкерлер бир нече жума бою Пекин бийлигинен кырдаалды жашырган деген тыянакка келишкен.

АКШнын CNN телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда, АКШнын чалгындоо кызматынын өкүлдөрү Ухандын жооптуу кызматкерлери эпидемиянын биринчи мезгилинде Ковид-19 жөнүндө Пекин администрациясына билдиришкен эмес деген жыйынтыкка келишкен.

Мындан тышкары чалгындоо кызматтары, Кытай өкмөтү вирус жөнүндө билгенден кийин, башка өлкөлөргө эпидемиянын канчалык деңгээлде болору жөнүндө маалымат берүүсүнө тыюу салгандыгын белгилешти.

CNN телеканалына берген маегинде кызматкерлер АКШнын чалгындоо кызматы Ковид-19 булагы жөнүндө маалыматтарды чогултууну улантып жаткандыгын баса белгилешти, бирок жергиликтүү аткаминерлер бул окуяны жашыргандыгы тууралуу талашсыз далилдер бар экенин баса белгилешти.



Тектеш кабарлар