Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 803 миң 225 кишиден ашып кетти.

1477224
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 803 миң 225 кишиден ашып кетти. Жукутуруп алгандардын саны 23 миллион 121 миң 150 болсо, айыгып кеткендердин саны 15 миллион 715 миң 600дөн ашты.

Эпидемиядан эң көп жабыр тарткан өлкө Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан көз жумгандардын саны 179 миң 200 адамды түздү. Вирусту жуктурган адамдардын саны 5 миллион 796 миң 727 деп катталды.

Ковид-19 туткуну эң көп жабыркаган экинчи өлкө Бразилияда, акыркы 24 саатта вирустун айынан 1 миң 554 адам көз жумду. Ошентип, каза болгондордун саны 113 миң 454кө көтөрүлдү. Өлкөдөгү жуктурган учурлардын саны 3 миллион 536 миң 488 болду.

Мексикада акыркы 24 саатта Ковид-19дан каза тапкандар 504 адамга көбөйүп, 59 миң  610 адамды түздү. Өлкөдө Ковид-19 учурунун саны 549 миң 734.

Вирустун айынан Италияда 35 миң 427, Францияда 30 миң 503, Перуда 27 миң 245, Колумбияда 16 миң 658 жана Чилиде 10 миң 723 адам каза болду.

Европада эпидемиянын чордону болгон Англияда каза болгон адамдардын саны 41 миң 405 болсо, жуктурган учурлардын саны 323 миң 313 деп катталды.

Испанияда акыркы 7 күндүн ичинде Ковид-19дан 125 адам каза болуп, жалпы каза болгондор 28 миң 838ге жетти. Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 24 саатта 3 миң 650 жаңы оору байкалганын жана инфекция жуккандардын саны 385 миң 54кө көбөйгөнүн жарыялады.

Австралияда Ковид-19 эң таасирдүү болгон Виктория штатында дагы 13 кишинин өлүмү менен, өлкө боюнча вирустан каза болгондордун саны 485 адамга жетти.



Тектеш кабарлар