Трамп Түркия менен болгон мамилесине дагы бир жолу токтолду

Трамп Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казими менен Ак үйдөгү жолугушуудан мурун журналисттерге маалымат берди.

1476587
Трамп Түркия менен болгон мамилесине дагы бир жолу токтолду

АКШнын президенти Дональд Трамп, Түркия жана президенти Режеп Таййип Эрдоган менен мамилеси абдан жакшы экендигин кайталады.

Дональд Трамп жана расмий сапар менен АКШга барган Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казими Ак үйдөгү жолугушуудан мурун журналисттердин алдына келишти.

Казими менен мунай жана аскердик мамилелер сыяктуу көптөгөн маселелерди талкуулай тургандыгын баса белгилеген Трамп, Ирак менен абдан жакшы мамиледе экендигин айтты.

Трамп өз сөзүндө Түркия менен болгон мамилелерине да токтолуп: «АКШнын, өзгөчө менин Түркия жана президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жакшы мамилебиз бар. Эрдоган менен сүйлөшүп турабыз. Түркия жана Эрдоган менен мамилебиз абдан жакшы»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар