Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Ковид-19 дагы деле жайылып жатат.

1476649
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 797 миң 120дан ашты. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 22 миллион 862 миң 670ке, ал эми айыгып кеткендердин саны 15 миллион 518 миңге жетти.

Пандемиядан эң көп жабыр тарткан өлкө АКШда каза болгондордун саны 177 миң 424, вирусту жуктурган адамдардын саны болсо 5 миллион 746 миң 272 адам деп каталды.

Ковид-19дан эң көп жабыркаган экинчи өлкө Бразилияда, акыркы 24 саатта вирустун айынан 1 миң 204 адам көз жумду. Ушундайча каза болгондордун саны 112 миң 423кө жетти. Өлкөдөгү жуктурган учурлардын саны 45 миң 323кө көбөйүп 3 миллион 505 миң 97ге жогорулады.

Мексикада акыркы 24 саатта Ковид-19дан дагы 625 киши каза болуп жалпы 59 миң 106га жетти. Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 6 миң 775 жаңы учур менен бирге 543 миң 806 болду.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда каза болгондордун саны 41 миң 403, жуктурган учурлардын саны 322 миң 380 деп катталды.

Вирустун айынан каза тапкандардын саны: Италияда 35 миң 418, Францияда 30 миң 480, Испанияда 28 миң 813 болду.

Канадада Ковид-19дан акыркы бир жумада 50 адам көз жумуп, илдеттен каза болгондордун жалпы саны 9 миң 54 адамды түздү. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 125 миң 395ке жетти.



Тектеш кабарлар