Грузия-Украина: «Көйгөйүбүз-Россиянын басып алуусу»

Андрей Таран расмий сапар менен барган Тбилисиде грузин кесиптеши Ираклий Гарибашвили менен жолугушту.

1475943
Грузия-Украина: «Көйгөйүбүз-Россиянын басып алуусу»

Грузиянын коргоо министри Ираклий Гарибашвили менен Украинанын коргоо министри Андрей Таран, эки өлкөнүн орток көйгөйүнүн Россиянын басып алуусу экенин айтышты.

Андрей Таран расмий сапар менен барган Тбилисиде грузин кесиптеши Ираклий Гарибашвили менен жолугушту.

Гарибашвили жолугушуудан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйындагы сөзүндө, Украина менен Грузиянын эки стратегиялык өнөктөш экендигин билдирди.

Украина менен Грузиянын аймактык бүтүндүктүн көйгөйүнө туш болуп жаткандыгын билдирген Гарибашвили: «Биз үчүн эң башкы көйгөй - бул Россия тарабынан жерлерибиздин басылып алынышы жана аннексияланышы. Албетте, биз өз саясатыбыздын негизинде жерлерибиздин басылып алынышын токтотушубуз керек»,- деди.

Таран болсо: «Аймактын бүтүндүгүнүн кайрадан калыбына келтирилиши жана Россия Федерациясы тарабынан басылып алынган жерлердин куткарылышы биздин жалпы көйгөй болуп саналат»,-деп айтты.

Таран менен Гарибашвили ошондой эле Грузия менен Украинанын Коргоо министрликтеринин ортосундагы 2020-жылдын кызматташуу  планына кол коюшту.



Тектеш кабарлар