Путин менен Меркель Беларусту талкуулады

Германия Өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Зайберттин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, эки лидер 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин Белоруссиядагы абалды талкуулашты.

1475121
Путин менен Меркель Беларусту талкуулады

Германиянын канцлери Ангела Меркель Россиянын президенти Владимир Путин менен Белоруссиядагы кырдаалды талкуулады.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Штеффен Зайберттин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, эки лидер 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин Белоруссиядагы абалды талкуулашты.

Зайберт, «Канцлер, кризистен чыгуу үчүн Беларусь өкмөтү тынч митингчилерге каршы зомбулук көрсөтүүдөн баш тартуусу керек, саясий туткундарды тезинен бошотуп, оппозиция жана коом менен улуттук диалогго келиши керек деп белгилегенин»,айты.

Сүйлөшүүдө Кремлдин билдирүүсүнө ылайык, Россия тарап кризистин курчушу мүмкүн экендигин эскертип, Белоруссиянын ички иштерине тышкы кийлигишүү аракеттерине жол берилгис экендигин баса белгиледи.

Белоруссиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун 80,1 пайыз добуш менен жеңишке жетишкенин жарыялады, ал эми анын эң жакын атаандашы Светлана Тихановскаянын добуштары 10,12 пайыз деңгээлинде калды.

Жыйынтыктар жарыялангандан кийин, өлкөдө нааразычылык акциялары башталды.

Беларустун саламаттык сактоо министри Владимир Караник, кечээ нааразычылык акциялары учурунда 2 адам каза тапканын, 158 адам оор жаракат алып ооруканаларда дарыланып жаткандыгын, алардын үчөөнүн абалы өтө оор экенин жарыялаган.



Тектеш кабарлар