Израиль Газа тилкесинин ар кайсы жерин бомбалады

Израиль армиясынын Твиттердеги билдирүүсүндө Газанын түштүгүндө Хамаска таандык "башка буталарга" абадан сокку урулгандыгы айтылды.

1473725
Израиль Газа тилкесинин ар кайсы жерин бомбалады

Израилдин согуштук учактары Газанын ар кайсы жерлерине абадан кол салды.

Израиль армиясынын Твиттердеги билдирүүсүндө Газанын түштүгүндө Хамаска таандык "башка буталарга" абадан сокку урулгандыгы айтылды.

Билдирүүдө кол салуу ракеталар сакталган аскердик комплексти бутага алган деп айтылат.

Тель-Авив башкаруучулугу палестиналык активисттер Газа тилкесинин тегерегиндеги еврей конуштарына күйгөн батперектерди жана гелий газы менен үйлөтүлгөн шарларды жибергендиктен, ал жерде өрт чыкты деп ырастоодо.

Газадан келген күйгүзүлгөн батперек жана шарлар менен күрөшүү маселесин чече албаган Израил армиясы, бул батперек жана шарлар жасалган деген айтым менен чек арага жакын аймактарга абадан соккуларын көп уюштурат.



Тектеш кабарлар