Трамп Байденди сынга алды
Трамп Ак үйдө өткөргөн маалымат жыйында күн тартибине баа берди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Израиль менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосунда түзүлгөн келишимге байланыштуу өзүнүн демократ атаандашы Жо Байденди сынга алып: «Ал мен айтып жаткан өлкөлөрдүн аттарын деле билбейт болушу керек»,-деди.
Трамп Ак үйдө өткөргөн маалымат жыйында күн тартибине баа берди.
Израиль менен БАЭнин ортосундагы келишимден улам демократтардын президенттикке талапкери Жо Байдендин өзүнө упай токтоого аракет кылып жаткандыгын айткан Трамп: «Бүткүл дүйнө мен түзгөн келишимди жогору баалады. Көрөсүңөр, башка мамлекеттер да келип ушул сыяктуу келишимдерди түзүшөт жана Жакынкы Чыгышта тынчтык орнойт. Байден мен айтып жаткан өлкөлөрдүн аттарын деле билбейт болушу керек»,-деди.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.