Пентагондун Франция - Греция тынчсыздануусу
Жонатан Хоффман Греция жана Франциянын деңиз күчтөрүнүн Жер Ортолук деңиздин чыгышында биргелешкен машыгуусунан тынчсыздангандыгын белгиледи
1472583
АКШнын коргоо министрлигинин катчысы Жонатан Хоффман Греция жана Франциянын деңиз күчтөрүнүн Жер Ортолук деңиздин чыгышында биргелешкен машыгуусунан тынчсыздангандыгын белгиледи. Хоффман өткөргөн пресс - жыйынында : «Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдардан тынчсызданып жатканыбыз ачык»,- деди.
Франция менен Түркиянын НАТО ичинде АКШнын негизги союздашы экендигин белгилеген Хоффман : «Чыңалуунун азайышын каалайбыз. Алардын кызматташуусун улантуу менен ыңгайсыз шарттарда, аскердик кемелердин же учактардын колдонулушун күтпөгөн чечүүчү жолду табышын каалайбыз»,- деди.