Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Ковид-19 дагы деле жайылып жатат.

1472692
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 757 миң 674кө жетти. Ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны 21 миллион 89 миңден, айыгып кеткендердин саны болсо 13 миллион 942 миңден ашты.

Пандемиядан эң көп жабыр тарткан өлкө Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) каза тапкандардын саны 170 миң 419га, ооруга чалдыккандардын саны 5 миллион 415 миңге жетти.

Пандемиянын Латын Америкадагы чордону Бразилияда илдеттен көз жумгандардын саны 105 миң 564кө, жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 229 миңге жогорулады.

Мексикада Ковид-19дан дагы 627 адамдын каза болушу менен  жалпы 55 миң 293кө, вирус жуккан адамдардын саны болсо 7 миң 371ге көбөйүп 505 миң 751ге жетти.

41 миң 347 адам каза болгон Англияда, Ковид-19 илдетине чалдыккандардын саны 3 миллион 400 миңге жетиши мүмкүн экендиги кабарланды. Өлкөдөгү алдыңкы университеттердин бири болгон Imperial Collegeдин изилдөөсү менен аныкталган бул көрсөткүч калктын 6 пайызына туура келет. Изилдөөдө, африкалык жана азиялык тектүү азчылыктарда Ковид-19 менен ооруган адамдардын саны башка этникалык топторго караганда эки эсе көп экендиги белгиленди.

Ковид-19дун себебинен берки кээ бир өлкөлөрдө каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Италия (35 миң 231), Франция (30 миң 388), Испания (28 миң 605), Перу (25 миң 648), Колумбия (14 миң 145), Чили (10 миң 299), Бельгия (9 миң 916), Германия (9 миң 281), Канада (9 миң 15), Нидерландия (6 миң 165), Швеция (5 миң 776) жана Аргентина (5 миң 362)



Тектеш кабарлар