Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Коронавирус али да болсо Чыгыш Өлкөлөрүнүн шашиысын алууда.

1471585
Ковид  - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

 

 Жалпы дүйнөдө коронавирустун айынан 747 224 киши каза болду. Вирус жуккан киши саны 20 миллион 592 593кө,   айыккандардын саны 13 миллион 503 904төн ашты. 

Эң көп бейтап болгон үчүнчү өлкө Индияда акыркы 24  саатта 834 кишинин каза болушу менен Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 46 536га, бейтап саны 2 миллион 360 358ге чыкты.

Иранда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 18 988ге жогорулады. өлкөдө вирус жуккан киши саны да 2 510 кишиге көбөйүп 333 699га жетти. 

Россияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 129 кишиге көбөйүп, 15 260ка, жалпы бейтап саны да 902 701ге жетти.

Жалпы Африка континентинде каза болгондордун саны 269 кишиге көбөйүп 23 912ге жетти. Вирус жугузган киши саны 1995ке көбөйүп 1  миллон 69 миң 93төн жогорулады. Жалпы материкте ушул күнгө чейин Ковид  - 19дан 10 751 киши менен Түштүк Африка эң көп киши каза болгон өлкө болду. Андан кийин 5059 киши менен Египет, 1322 киши менен Алжир келди.

Батыш Африка өлкөсү Нигерияда 24 саатта 6 кишинин каза болушу менен каза болгон киши саны 956га жогорулады. Өлкөдө бейтап саны да 423 кишиге көбөйүп 47 290го жетти.

Пакистанда вирустан ушул кезге чейин 6 129, Индонезияда 5 824, Израилде 622 киши каза болду.

Израиль басып алган Батыш шериадагы качкындар лагерлерлеринде 1200 кишиде коронавирус аныкталды. Палестина саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда чыгыш Кудс жана Израиль блокадасы астындагы Плаестина жерлеринде 19 494 кишиге коронавирус диагнозу коюлду. Бейтаптардын  14 794түнүн Батыш Шериада экени билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар