Россиянын жүк ташуучу учагынын Сирте шаарына конгондугу билдирилди

Бириккен Арап Эмираттары, Египет, Франция жана Россия колдогон Халифе Хафтер борбор шаар Триполини алуу үчүн 2019 -  жылы 4 -  апрелде куралдуу кишилерине кол салуу буйругун берген.

1469853
Россиянын жүк ташуучу  учагынын Сирте шаарына конгондугу билдирилди

Ливия армиясы кечээ эки орус жүк ташуучу учагынын өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин көзөмөлүндөгү Сирте шаарына конгондугун билдирди.

Сирте жана Жуфра биргелешкен операция мекемесинин катчысы, генерал Абдулхади Дырха бул учактардын Сирте шаарындагы Гардабия эл аралык аэропортуна конгондугун белгиледи. Бириккен Арап Эмираттары, Египет, Франция жана Россия колдогон Халифе Хафтер борбор шаар Триполини алуу үчүн 2019 -  жылы 4 -  апрелде куралдуу кишилерине кол салуу буйругун берген.

Ливия армиясы Хафтер куралдуу кишилерине каршы 25 -  мартта баштаган «Тынчтык бороону» операциясынын негизинде 3 -  июнь күнү борбор шаар Триполинин административдик чектеринде, 5 -  июнда да стратегиялык Терхуне шаарында көзөмөлдү алган.

Армия 6 -  июнда да Сирте, Жуфра аскердик аба базасы менен айланасындагы аймактарды Хафтерге караштуу куралдуу кишилерден куткаруу үчүн «Жеңиш жолдору» аттуу жаңы бир кыймыл баштаткандыгын жарыялаган жана бул аймакка жайгашкан.

 



Тектеш кабарлар