Эртең Белорусияда президенттик шайлоо өтөт

Шайлоодо 5 талапкер жарышат алардын ичинде кайрадан талапкерлигин койгон президент Александр Лукашенко да бар.

1469329
Эртең Белорусияда президенттик шайлоо өтөт

Белорусиянын президенти Александр Лукашенконун кызмат мөөнөтүнүн толушу менен эртең өлкөдө президенттик шайлоо үчүн эл добуш берет.

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын маалыматына караганда 6 миллион 844 932 шайлоочу болгон өлкөдө 5 767 үкөктө добуш берилет. Алардын ичинен 44 үкөк өлкө тышында курулат.

Шайлоо 248 чет элдик байкоочу тарабынан иликтенет.

Белорусиянын мыйзамы боюнча шайлоо тизмесинде орун алган жарандардын жарымынан көбү добуш берүүгө катыша турган болсо шайлоо жарактуу болуп эсептелет.

Президенттикке талапкер добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добуш бериши менен шайланган болуп саналат. Эч бир тарапкер добуштардын жарымынан көбүн ала албаса эң жогорку добушту алган эки талапкер экинчи турга катышат.

Шайлоо күнү добуш бере албай турган шайлоочулардын «эрте добуш берүүсү» үчүн жуманын башынан бери  үкөктөр ачылган.

Шайлоодо 5 талапкер жарышат алардын ичинде кайрадан талапкерлигин койгон президент Александр Лукашенко да бар.

 

 

 



Тектеш кабарлар