Ким Чен Ын селден жабыр тарткан аймакка барды
Селде Унфа районунда 730 үй жана 600 гектардык күрүч талаасын суу каптап, кеминде 179 социалдык турак жай зыянга учурады .
1468836
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын акыркы 5 жылда биринчи жолу өз өлкөсүндө катуу жааган жамгырдан жабыр тарткан аймакка барды.
KCNA кабарына караганда, Ким Чен нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн Түндүк Хванхай провинциясындагы шаарга барды.
Селде Унфа районунда 730 үй жана 600 гектардык күрүч талаасын суу каптап, кеминде 179 социалдык турак жай зыянга учурады .
Түштүк Кореянын басма сөзү билдиргендей, Ким Чен акыркы жолу 2015-жылдын сентябрында селден жабыркаган аймакка жеке өзү барган болчу.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.