Кытайда «Хагупит» тайфунунан улам көп сандаган адам эвакуацияланды

«Хагупит» тайфунунун кесепети.

1466791
Кытайда «Хагупит» тайфунунан улам көп сандаган адам эвакуацияланды

Кытайдын чыгышындагы провинция жана шаарларда таасирдүү болгон «Хагупит» тайфунунан улам 381 миң 375 адам коопсуз жерлерге эвакуацияланды.

Улуттук Метеорологиялык Борборунун билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн чыгышындагы Чжэцзян жана Фуциен провинциялары менен Шанхай шаарында таасирдүү болгон «Хагупит» тайфунунан улам эскертүүнүн деңгээли сарыдан эң жогорку экинчи деңгээл болгон кызгылт-сарыга көтөрүлдү.

Ылдамдыгы саатына 90 чакырымга жеткен катуу шамал жана нөшөрлүү жамгырларга себеп болгон тайфундун кесепетинен 381 миң 375 киши коопсуз жерлерге эвакуацияланды.

Мындан тышкары, Фуциенде поезд каттамдары жана курулуш иштери токтотулуп, балык кайыктары жээкке тартылды.

Тайфундун бүгүн Шанхайда катуу жамгырга себеп болушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар