Еврей отурукташуучулардан расистик кол салуу
Еврей отурукташуучулар Батыш Шериада палестиналыктарга таандык 2 унааны өрттөштү.
1466809
Еврей отурукташуучулар басып алынган Батыш Шериада палестиналыктарга таандык 2 унааны өрттөп, айрым үйлөрдүн дубалдарына расистик ураандарды жазышты.
Палестина элинин каршылык көрсөтүү комитеттеринин Кефр Каддум аймагынын координатору Мурад Ыштиви еврей отурукташуучуларынын Батыш Шерианын түндүгүндөгү Калкилия шаарына караштуу Фар’ата аймагына түнкү сааттарда тинтүү жүргүзгөнүн белгиледи.
Ыштиви палестиналыктарга таандык айрым үйлөрдүн дубалдарына ибраниче расистик уранадарды жазган еврей орутукташуучулардын 2 унааны да өрттөгөнүн айтты.