Россияда коронавирустун вакцинасынын клиникалык сыноолору аяктады

Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин октябрь айынан тарта массалык эмдөө жүргүзүүнү пландап жаткандыгы кабарланды.

1465510
Россияда коронавирустун вакцинасынын клиникалык сыноолору аяктады

Россиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко, Гамалея институту тарабынан иштелип чыккан коронавирустун вакцинасынын клиникалык сыноолору аяктады деп билдирди.

Мурашко журналисттерге жасаган билдирүүсүндө, каттоо жол-жобосу үчүн документтердин даярдалганын айтты.

Мурашко вакцинаны каттоодон өткөргөндөн кийин алгач медициналык кызматкерлерге жана мугалимдерге бериле тургандыгын жана бул топтордун бир учурда байкоого алына тургандыгын айтты.

Министр Мурашко ошондой эле Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги октябрь айынан тарта массалык эмдөө жүргүзүүнү пландап жаткандыгын да баса белгиледи.

Вектор вирусология институту тарабынан иштелип чыккан вакцинанын да клиникалык сыноо баскычында экендигин эске салган Мурашко, мунун менен бирге 1,5-2 ай ичинде дагы эки вакцинанын ыктыярчыларга сыналуусун күтүп жатышканын айтты.



Тектеш кабарлар