НАСА Түркиянын Салда көлүн Марска окшоштурду

Салда көлүнүн космостон тартылган фотосүрөттөрү бөлүшүлдү.

1465346
НАСА Түркиянын Салда көлүн Марска окшоштурду

Американын космос жана авиация агенттиги НАСА Салда көлүн Марска окшоштурду.

НАСАнын Марстагы космостук роботу «Персеверанстын» мурунку күнү башталган Марска болгон саякатынан кийин НАСА Твиттер баракчасынан маалымат бөлүштү.

Бөлүшүлгөн маалыматтарынын бири Салда көлүнүн космостон тартылган фотосүрөттөрү болду.

Бөлүшүүдө, Түркиянын Бурдур аймагындагы Салда көлүнүн Марстагы кратер менен геологиялык жактан окшош экендиги жана изилдөөчүлөрдүн учаар алдында Салда көлүндө талаа изилдөөлөрүн жүргүзгөндөрү белгиленди.

Nasa Earth баракчасынан жарыяланган бөлүшүү төмөнкүчө:

«Түркиядагы Салда көлү Марстагы Жезеро кратери менен геологиялык окшоштуктары бар. Чындыгында, изилдөөчүлөр Марска учууга (#countdowntomars) даярдануу үчүн Салда көлүндө талаа изилдөөлөрүн жүргүзүшкөн».



Тектеш кабарлар