Чыгышта коронавирус

Коронавирус Чыгыш өлкөлөрүнүн шаштысын алууда.

1465035
Чыгышта коронавирус

 Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан улам каза болгондордун саны 677 184төн ашты. Вирус жуккан киши саны 17 миллион 499 миңден, айыккандардын саны 10 миллион 956 000ден ашты.

Индияда акыркы 24 саатта 779 кишинин каза болушу менен Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 35 747ге, вирус жуккан киши саны да 55078ге өсүп 1 миллион 638 870ке жогорулады.

Россияда болсо бир күндө  каза болгондордун саны 161 кишиге көбөйүп 13 963кө, 5 482 кишиде дагы коронавирустун аныкталышы менен вирус жуккан бейтап саны 839 981ге жетти.

Иранда коронавирустан 16 766  киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 304 204кө жогорулады. Өлкөдө ушул кезге чейин араларында дарыгерлер да болгон 140 медициналык кызматкер каза болуп, 6 000ден ашуун медициналык кызматкер вирус жугузган. 

Ковид  - 19дан улам ушул кезге чейин Түштүк Африкада 7 812, Пакистанда 5 951, Сауд Арабияда 2 842, Иракта 4 671 жана Индонезияда 5 131 киши каза болду. 

 



Тектеш кабарлар