Чыгыш өлкөлөрүнүн шаштысын алган коронавирус

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко коронавирус жуктуруп алганын жана бирок оорунун белгилери жок эле өткөргөнүн билдирди.

1463712
Чыгыш өлкөлөрүнүн шаштысын алган коронавирус

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 664 602ден ашып,   вирус жуккан киши саны 16 миллион 956 317, айыккан киши саны 10 миллион 506 352 болду.

Индияда  34 485 киши каза болуп,  Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны 34 193кө жетти. Вирус жуккан киши саны 1  миллион 558  447ге жогорулады. 

Россияда ушул кезге чейин Ковид  - 19дан 13 673 киши каза болгон болсо жалпы 828 990 кишиге вирус жуккан. 

Иранда болсо ушул кезге чеин 16 343 киши каза болуп, 298 909 кишиде вирус аныкталган. 

4 603 киши каза болгон Ирактын Керкүк шаарында бир группа жаштар кайрымдуу кишилердин жардамы менен  алган кычкылтек концентраттарын бейтаптарга жеткрип Ковид  - 19 менен күрөшүүгө жардам беришүүдө. 

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко коронавирус жуктуруп алганын жана бирок оорунун белгилери жок эле өткөргөнүн билдирди. Өлкөсүндө калктын 97 пайызынын бул вирустун белгиси болбостон өткөргөнүн айткан Лукашенко : «Кудайга шүгүр мен да бул оорунун белгиси болбогон группага кирдим»,- деди. Белорусиянын саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда акыркы 24 саатта Ковид  - 19дан 5 киши каза болгон жана жалпы каза болгон киши саны 543кө жеткен. Вирус жугузган бейтап саны 115 кишиге көбөйүп 67 366ге жетти.

Израилде акыркы 24 саатта Ковид  - 19 диагнозу коюлган 12 бейтап дагы каза болуп, 3 165 жаңы учур катталды. Ушундайча Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 486га, вирус жуккан киши саны да 65 791ге жетти.



Тектеш кабарлар