Трамп демонстранттарды коркутту

Трамп өлкөдө расизм жана полициянын зомбулугуна каршы уюштурулган митингдерде федералдык имараттардын бутага алынышына өзүнүн Твиттер баракчасынан каршылык көрсөттү.

1463235
Трамп демонстранттарды коркутту

АКШнын Президенти Дональд Трамп, өлкөдөгү полицияга каршы нааразычылык акциялары учурунда федералдык имараттарга зыян келтиргендердин кеминде 10 жылга эркинен ажыратыла турганын белгилеп: «Муну жасабагыла»,- деди.

Трамп өлкөдө расизм жана полициянын зомбулугуна каршы уюштурулган митингдердин зордук-зомбулук окуяларына айланышы менен федералдык имараттардын бутага алынышына өзүнүн Твиттер баракчасынан каршылык көрсөттү.

Орегон штатындагы Портленд шаарында федералдык сот имаратын демонстранттар өрттөп жибергенин баса белгилеген Трамп: «Портленддеги федералдык сот имаратын же биздин штаттагы жана шаардагы федералдык имаратка зыян келтирген анархисттер, провокаторлор же демонстранттар жакында бекитилген Айкелдер жана эстеликтер мыйзамы боюнча жоопкерчиликке тартылышат»,-деп айтты.

Бул адамдар аты аталган мыйзам боюнча кеминде 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экендигин баса белгилеген Трамп: «Муну жасабагыла»,- деди.



Тектеш кабарлар