СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза тапкандардын саны  652 миң 358 адамга жетти.

1462349
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза тапкандардын саны  652 миң 358 адамды түзсө, жуктуруп алгандардын саны 16 миллион 422 миңден ашты жана айыгып кеткендердин саны 10 миллиондон ашты.

Бразилияда 555 кишинин өлүмү менен өлкөдө Ковид-19дан каза болгондордун жалпы саны 87 миң 52ге жетти, жуктуруп алгандардын  саны 24 миң 578 адамга көбөйүп 2 млн 419 миңге көтөрүлдү.

Мексикада акыркы 24 саатта Ковид-19дун себебинен каза болгон адамдардын саны  306га көбөйүп, 43 миң 680ге жетти, ал эми жуктуруп алган адамдардын саны 5 миң 480ге көбөйүп жалпы  390 миң 516 адам болду.

АКШда Ковид-19дун себебинен 149 миң 849 адам каза болуп, жалпы жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 371 миңди түздү.

Англияда эпидемиянын кесепетинен 45 миң 752 адам каза тапса, жуктурган учурлардын саны 299 миң 426 адамга жетти.

Испанияда Ковид-19дун себебинен 28 миң 432 адам каза болуп, жалпы жуктуруп алгандардын саны 319 миң 501ге көбөйгөн.

Илдет 30 миң 192 адамдын өмүрүн алган Францияда, жуктурган учурлардын саны 180 миң 528ден ашты.

Ковид-19дун  себебинен Германияда 9 миң 203 адам көз жумган, ал эми жуктуруп алгандардын саны 206 миң 741 болгон.



Тектеш кабарлар