ДМУ ысык аба толкуну тууралуу эскертти

Дүйнөлүк Метеорология Уюму ДМУ Сибирден келген ысык аба толкуну тууралуу эскертти.

1461652
ДМУ ысык аба толкуну тууралуу эскертти

 Дүйнөлүк Метеорология Уюму ДМУ Сибирден келген ысык аба толкуну тууралуу эскертти.

ДМУ Россиянын Сибирь аймагында бул айда орточо ысыктыктын өткөн айга караганда 10 даража ысык болгону, ысык аба толкунунун Түндүк уюл мекемесинде токой өрттөрүнө жана деңиз мөңгүсүнүн ылдам эришине жол ачканын билдирди.

ДМУнын башка катчысы Петтер Таалас бул тууралуу маалыматында : «Түндүк уюл мекемеси (Арктика)  дүйнөлүк орточо деңгээлден эки эсе тез жылый турган аймак. Бул абал жергиликтүү калкка жана экосистемага таасир бергендей эле глобалдык таасири да артууда»,- деди.

Таалас аймакта ысык аба толкунунан улам чоң масштабдуу токой өрттөрүнө кездешилгенин, Россиянын Арктика жээгиндеги Лаптев жана Бранец деңиздеринде июнь айынан бери деңиз муз мөңгүсүнүн деңгээлинин олуттуу катнашта азайганын айтты.

Стратосферада батышка карай соккон шамалдардын багытынын түндүккө карай жылышынан улам Сибирь аркылуу алдына алуучу басымдын пайда болгонун белгилеген Таалас адам аракеттеринен пайда болгон глобалдык ысынуунун таасири болбостон ысыктыктын артышынын мүмкүн болбой турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар