Борис Жонсон коронавиурс тууралуу моюнга алды

Жонсон БиБиСиге берген маегинде өкмөттүн Британиядагы эпидемияны «алгачкы бир канча жума жана ай» түшүнө албаганын моюнга алды

1461658
Борис Жонсон коронавиурс тууралуу моюнга алды

Европада эң көп киши каза болгон Британияда премьер  - министр Борис Жонсон айлардан кийин моюнга алды.

Жонсон БиБиСиге берген маегинде өкмөттүн Британиядагы эпидемияны «алгачкы бир канча жума жана ай» түшүнө албаганын моюнга алды.

Жонсон өзгөчө : «Министрлер кээ бир нерселерди өзгөртө алар эле»,- деди. Британиянын премьер  - министри күз жана кыш айларында бейтап санындагы өсүүдөн мурда ала турган сабактардын бар экенин айтты.

Жонсон кыш айларында саламаттык сактоо боюнча тейлөөнүн канчалык даражада болоруна көңүлдөрдү буруп элди сасык тумоого каршы вакцина алууга чакырды.

Донсон вакцина алууга каршыларды «акылынан адашкан» деп мүнөздөдү. Ошол эле учурда Британияда жабык жерлерде бет кап тагуу мажбурдуулугу киргизилди.

Супер маркеттер, жабык соода борборлору, станциялар, ресторандар, банк жана почта сыяктуу жерлерге бет капсыз кирилбейт.

Бет кап такпагандарга 100 стерлингге чейин акчалай жаза берилет.



Тектеш кабарлар