Грецияда профессор Розакис: «Меис аралы Түркияга жакын» деп айткандыгы үчүн кеңештен чыгарылды

Розакис, Меис аралынын түрк жээгине жакыныраак болгонун айтты.

1460904
Грецияда профессор Розакис: «Меис аралы Түркияга жакын» деп айткандыгы үчүн кеңештен чыгарылды

Грецияда профессор Кристос Розакис: «Меис Түркияга жакыныраак» деп айткандыгы үчүн Жогорку Илимдер Кеңешинен чыгарылды.

Афина университетинин профессору Кристос Розакис, Грецияда катышкан телекөрсөтүү программасында Меис аралынын түрк жээгине жакыныраак болгонун айтты.

Алып баруучунун Меис аралынын Грецияга таандык экендигин ырастоого аракет кылышына Розакис: «Эң негизгиси Меистин Түркиянын жээктерине абдан жакын болушу. Меистин маңдайындагы жээктердин узундугу бир кыйла чоң жана континенталдык шельфтин чек ара сызыктарын белгилөө үчүн негизги критерийлердин бири да жээктердин узундугу»,- деп жооп берди.

«Азыркы учурда Грециянын аймактык сууларынын 12 милге чейин кеңейтилиши туура эмес болобу?» деген суроого Розакис: «Грециянын азыркы учурда 12 мил жээк сууну жарыялай албай тургандыгын түшүнүшүңүз керек. Себеби мындай кадам Эгей деңизин толугу менен кулпулайт», деди.

Розакис ушул сөздөрү боюнча Жогорку Илимдер Кеңешинен чыгарылды.



Тектеш кабарлар