БУУнун Азербайжан - Армения эскертүүсү

БУУ Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кагылышуу күчөй турган болсо апаатка алып келери боюнча эскертти.

1458968
БУУнун Азербайжан  - Армения эскертүүсү

БУУ Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кагылышуу күчөй турган болсо апаатка алып келери боюнча эскертти.

БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк пресс  -  брифингде Азербайжан менен Армениянын ортосунда болгон чыңалууну тынчсыздануу менен иликтешкендерин белгиледи.

Азербайжан жана Арменияны сабырдуулукка чакырган Дужаррик : «Эки өлкөнүн ортосунда чоң  кагылышуу апаат болот»,- деди.

Эскерте кетсек Армения армиясы 12 -  июль күнү чек аранын Товуз аймагына артиллериялык атуулар менен кол салган. Азербайжан армиясынын жооп кайтаруусу менен жоготууга учурап, артка чегинген.

Чыккан кагылышууда Азербайжан армиясынан 4 аскер каза болуп, 4 аскер жараланган. Каза болгон 4 аскердин бирөөсү лейтенант болгон.

Кийинки күндөрдө чыккан кагылышууларда Азербайжан армиясынан 8 аскер каза болуп алардын ичине бирөөсү генерал  - майор болгон.



Тектеш кабарлар