Европа Биримдиги лидерлеринин саммити кайрадан узартылды

Европа Биримдиги Кеңешинин катчысы Баренд Лейтс лидерлердин жыйындарды токтото турганын, түштөн кийин кайрадан жолугушарын билдирди.

1458275
Европа Биримдиги лидерлеринин саммити кайрадан узартылды

Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн лидери жаңы тип коронавирустун экономикалык таасирине каршы даярдалган куткаруу программасы жана келечектеги бюджет тууралуу жума күндөн бери жүргүзүлүп келе жаткан сүйлөшүүлөрдө келишим түзө албастан саммит программасы кайрадан узартылды.

Европа Биримдиги Кеңешинин катчысы Баренд Лейтс твиттерден берген маалыматта жума күндөн бери  Бельгиянын борбор шаары Брюсселде болгон Европа Биримдиги лидерлеринин саммитинин узартылганын жарыялады.

Лейтс лидерлердин жыйындарды токтото турганын, түштөн кийин кайрадан жолугушарын билдирди.

Европа Биримдиги лидерлер саммитинин 17 – 18 -  июль күндөрү өткөрүлүшү пландалган болчу.

Сүйлөшүүлөрдө макулдашуу түзүлө албагандыктын программа узартылган.



Тектеш кабарлар