Дүйнө жүзүндө Covid-19дан каза тапкан адамдарын саны 605 830дан ашты

Айрым өлкөлөрдө коронавирус күчөп, айрымдарында басаңдагансыйт.

1457841
Дүйнө жүзүндө Covid-19дан каза тапкан адамдарын саны 605 830дан ашты
ab pandemi zirve.jpg
SPR Barcelona covid.jpg
covid florida SPR.jpg
SPR korona2.jpg
SPR korona.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) айынан каза болгон адамдардын саны  605 830дан ашты, жуктуруп алгандардын саны 14 миллион 486 миңге жетти. Ал эми илдеттен айыгып кеткендердин саны 8 миллион 649 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) 142 миң 883 адам каза таап, 3 миллион 885 миң 430 адам жуктуруп алгандыгы, бир жашка чейинки 85 ымыркайдын Ковид-19 оорусу бар экени кабарланды. Ымыркайларга кантип жуккандыгы жөнүндө маалымат берилген жок. Флорида штатындагы базарда кассир болгон Эскишехирдик Аслы Мухүрханжы Ноулес социалдык медиада бөлүшкөн "күлкү үчүн ачык маска" сунушун Голливуд актеру Джон Красински дагы колдоду.

Бразилияда вирустардын жоголушу 78 817гө чейин жетти, ал эми учурлардын саны 2 млн 75 миң 246 га көбөйдү.

Мексикада акыркы 24 саатта каза болгон адам саны 578 болуп жалпы каза болгондордун саны  38 миң 888ге жогорулады, ал эми вирусту жуктурган адамдардын саны 7 миң 615 адамга көбөйүп, 338 миң 913 адамга жетти.

Англияда 45 миң 273 адам каза болуп, жуктуруп алгандардын саны 294 миң 66 болсо, премьер-министр Борис Жонсон Ковид-19 менен күрөшүүдө жалпы жонунан экинчи жалпы карантинге муктаждык болбойт деп билдирди. «The Sunday Telegraph» гезитине берген маегинде Жонсон жалпы өлкөдө карантинди "өзөктүк куралдануу" менен салыштырды жана  «Мен аны колдонууну каалабайм жана биз аны колдонушубуз керек деп ойлобойм», деди. Рождестводо «чоң өлчөмдө кадимки абалына кайтууга» үмүттөнүп жаткандыгын белгилеген Жонсон, келечекте керек болсо "жергиликтүү деңгээлде" карантиндик чечим кабыл аларын баса белгиледи.

Италияда акыркы 24 саатта коронавирустун жаңы түрүнүн кесепетинен 14 адам каза болуп, жалпы 35 миң 42 адам көзжумду. Бейтаптардын саны 12 368ге чейин азайган өлкөдө акыркы суткада 249 жаңы жуктурган учур катталды.

Испанияда, жума күнү жарыяланган акыркы маалыматтарга караганда, Ковид-19 кесепетинен 28,200 адам каза болуп, жуктурган учурлардын саны 260 миң 255ке көбөйгөн. Каталония Автономиялуу администрациясында акыркы бир жумада Ковид-19 жуктурган учурунун саны укмуштай өсүп кетти. Эпидемиянын башталышынан бери Ковид-19 тестинин позитив болгон адамдарынын саны Каталонияда 81 миң 932 адамга жетти, кечээ 226 гана диагноз коюлган. Испаниялык басма сөз, көптөгөн адамдар, айрыкча Барселонада, мүмкүн болгон карантин чечиминен коркуп, шаардан кете башташканын жазды.

9 миң 800 адам көз жумган Бельгияда, Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институту жарыялаган жумалык орто эсеп менен, 9-15-июль күндөрүнүн аралыгында өлкөдө 615 жаңы Ковид-19 жуктурган учурлары аныкталды. Буга караганда акыркы жумада жуктургандардын саны 61 пайызга көбөйүп, 63 миң 706га жеткен.

Акыркы 24 саатта Австралиянын Мельбурн шаарында дагы 3 адам Ковид-19дан көз жумгандан кийин беткап тагуу мажбур кылынды. Вирус 122 кишинин өмүрүн алган өлкөдө Виктория штатынын премьер-министри Дэниэл Эндрюс 23-июль, бейшембиден тарта көчөлөрдө адамдар беткап кийүүгө мажбур экендиктерин жарыялады. Эндрюс коомчулукту эрежелерди сактоого чакырып, вирустун жайылышына жол бербөө жана трагедияга айланып кетпеши үчүн беткап кийүү керектигин айтып, эрежеге баш ийбегендерге 200 доллар айып пул салынаарын билдирди.

Айрым өлкөлөрдө Ковид-19 кесепетинен каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Франция 30 миң 152, Перу 12 миң 998, Германия 9 миң 162, Канада 8 миң 848, Чили 8 миң 445, Колумбия 6 миң 516, Нидерландия 6 миң 136, Швеция 5 миң 619, Аргентина 2 миң 220, Боливия 2 миң 106 жана Филиппинде 1 831.

Индияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 26 миң 838ге чейин көбөйүп, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 78 миң 782ге жетти.

Акыркы сутка ичинде каза болгондордун саны 95ке көбөйүп, 12 миң 342ге жеткен Россияда, 6 миң 109 кишиден Ковид-19 аныктылышы менен бирге жуктургандардын саны 771 миң 546 болгон.

Иракта акыркы 24 саатта 75 адам коронавирустун жаңы түрүнөн улам каза болуп, 2 миң 49 жаңы жуктурган учур аныкталды. Ошентип, өлкөдө адам өмүрүн жоготуу 3691 адамга, жуктуруп алгандардын саны 90 миң 220га чейин көбөйдү.

14188 адамдын өмүрүн алып кеткен жана 273 656 жуктурган учур болгон Иранда коронавирустун жаңы түрү менен күрөшүүнүн чегинде конференциялар, семинарлар жана жолугушуулардын бардык түрлөрүнө өлкө боюнча тыюу салынды.

Израилде Ковид-19 кесепетинен улам дагы 8 адам каза тапса, жалпы каза болгондордун саны 400 адам болуп, 745 адамга жуккан учурлар аныкталышы менен жалпы жуктуруп алгандардын саны 49 миң 204 болду. Жуктургандардын саны кескин көбөйүп кеткендигине байланыштуу, 6-июлда Израилдин администрациясы спорт залдарын жана түнкү клубдарды кошо, айрым жайларды кайрадан жабуу чечимин кабыл алган. Синагогада жана ресторандарда 20 адам чектөөсүн киргизген.

Ковид-19дун себебинен каза болгон жана жуккан адамдардын саны Алжирде 1068/22549 /, Мароккодо 269/1715, Иорданияда 11/1214, Ливанда 40/2775, Тунис 50 / 1348 болду.

Африка континентинде Ковид-19 кесепетинен каза болгондордун саны 14 миң 922 адамга көбөйдү, ал эми жуктурган учурлардын саны 700 миңден ашты. Эң көп жоготуулар Түштүк Африкада болуп, болжол менен 5000 адам өлгөн. Сейшеллде, Эритреяда жана Угандада ушул күнгө чейин бир дагы адам каза болгон жок.

Түштүк Африкада 4 миң 948 адам каза болуп, жуктурган учурлардын саны 350 миң 879 адамга жетти, андан кийин Египет 86 миң 474 учур менен, Нигерия 35 миң 454 учур менен ээрчип баратат.

Африкада 369 миң 526 адам ооруга чалдыккан.

Акыркы 24 саатта Кытайдын Гонконг атайын административдик аймагында 108 адамда вирусту аныкташкан жана алардын жалпы саны 1886га чейин көбөйгөн. Оору башталгандан бери күнүмдүк эң көп өсүш катталган аймакта, башкы башкаруучу Кэрри Лам: «Официалдуу эмес кызматкерлер үйдөн чыкпай иштей берет»,- деп баса белгилеп, кырдаал "чындап курч жана ал көзөмөлдө экенин эч кандай белгиси жок" деди. Лам коомдук жайларда маска кийүүгө туура келгенин билдирди.

Айрым өлкөлөрдө Ковид-19 кесепетинен каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Пакистан 5 миң 568, Кытай 4 миң 634, Индонезия 4 миң 16, Бангладеш 2 миң 618, Сауд Арабиясы 2 миң 447, Кувейт 408, Казакстан 375, Бириккен Араб Эмираттары 339, Оман 318 жана Катар 157.



Тектеш кабарлар