Россия Тажикстанда магышуу өткөрдү

S-300 абадан коргонуучу ракеталык системалар колдонулган машыгууга Ми-8 тик учактары да катышты.

1457198
Россия Тажикстанда магышуу өткөрдү

Россиянын чет өлкөлөрдөгү эң ири базасы болгон, Тажикстандагы 201-аскердик базасында S-300 абадан коргонуучу ракеталык системалары колдонулган машыгуу өткөрүлдү.

Россиянын Борбордук аскердик округунун командачылыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, базага аба чабуулун жасаган жасалма душмандын кол салуусуна бөгөт коюлду.

Базага жайгаштырылган S-300 абадан коргонуучу ракеталык системалар колдонулган машыгууга Ми-8 тик учактары да катышты.

Машыгуунун алкагында абадан коргонуучу ракеталык системалардын радарлары тарабынан душмандын жасалма учактары аныкталып бутага алынды. Машыгуу учурунда 15тен ашык ракета учурулду.

Россиянын 201-аскердик базасын аба соккуларынан коргоо жана Борбордук Азиянын жамааттык коопсуздук зонасынын абадан коргонуусу максатында октябрда Тажикстанга S-300 абадан коргонуучу ракеталык системалары алып барылган.

Тажикстандын Душанбе жана Бохтар шаарларында жайгашкан, 7 миңден ашык орус аскери кызмат өтөгөн аскердик база эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык 2042-жылга чейин иштейт.



Тектеш кабарлар