Иранда согуштан калган мина жарылды
Минанын жарылуусунан 3 адам каза болду.
1457210
Ирандын батышында минанын жарылуусунан 3 адам көз жумду.
Ирак чек арасындагы Илам провинциясында Иран-Ирак согушунан калган минанын жарылуусунан 3 адам каза болуп, бир киши жаракат алды.
Иран менен Ирактын ортосунда 1980-жылдын 22-сентябрында башталган согуш, эки тарап тең кабыл алган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 598 номердүү токтому менен 1988-жылдын 20-августунда аяктаган болчу.
Согуш жылдарында чек араларга жайгаштырылган миналар дагы деле эки өлкөнүн көптөгөн адамдарынын өлүмүнө же жаракат алышына себеп болууда.
Тектеш кабарлар
Нигерияда куралдуу кол салуу болду
Нигериянын Замфара жана Кацина штаттарында болгон куралдуу кол салууларда 42 киши каза болду.