Папуа-Жаңы Гвинеяда 6,9 баллдык жер титирөө катталды

Жер титирөөдөн кийин цунами жөнүндө эскертүү берилди.

1456676
Папуа-Жаңы Гвинеяда 6,9 баллдык жер титирөө катталды

Папуа-Жаңы Гвинеянын Лаэ шаарына жакын жерде 6,9 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөөдөн кийин цунамиге байланыштуу эскертүү берилди.

Жаңы Зеландия радиосунун кабарына караганда, эпицентри Лаэ шаарына жакын Вау айылы болгон катуу жер титирөөдөн кийин Тынч океандагы цунами эскертүү борбору Папуа-Жаңы Гвинеянын жээктери үчүн цунами жөнүндө эскертүү берди.

Америкалык геологиялык изилдөө борбору тарабынан 6,9 баллга жеткен жер титирөөнүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00 чамасында болгондугу кабарланды. Жердин 85 чакырым тереңдигинде катталган жер титирөөдөн жабыркагандар болуп же болбогондугу азырынча белгисиз.



Тектеш кабарлар