Коронавирустун Чыгыш өлкөлөрүнө тийгизген таасири

Кытайда Уйгур автоном аймагынан бир кишиде вирус аныкталды.

1456993
Коронавирустун Чыгыш өлкөлөрүнө тийгизген таасири

Жалпы дүйнөдө вирустан каза болгондордун саны 593 450дөн, вирус жуккан киши саны 13 миллион 980 000ден ашты. Айыккандардын саны 8 миллион 305 000ге жетти.

Индияда акыркы 24 саатта 694 кишинин каза болушу менен Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны 25 622ге жогорулады. Вирус жуккандардын саны 24 саатта 31 124кө көбөйүп, 1 миллион 5 871ге чыкты.

Россияда эпидемиядан улам бир күндө каза болгондордун саны 186га көбөйүп, жалпы 12 123 киши каза болду. 6 406 кишиде вирус аныкталып жалпы вирус жуккан киши саны 759 203кө жогорулады.

Кытайда 24 саатта вирустан өлүм  - житимдин болбогону, 10 жаңы учурдун катталганы бидирилди. Өлкө ичинде бир кишинин Синжан уйгур автоном аймагынан  чыкканы белгиленди. Чара көрүү максатында аймактан башка шаарларга учак каттамдарына чектөө киргизилди. Жалпы вирус жуккан киши саны 83 622ге жогорулаган Кытайда ушул кезге чейин 4 634 киши вирустан каза болду.

Түштүк Кореяда болсо 2 кишинин каза болушу менен Ковид  - 19дан жалпы каза болгондордун саны  293кө жогорулады. 60 жаңы бейтап менен жалпы вирус жугузган киши саны 13 672 болду.

Иранда вирустан каза болгондордун саны бир күндө 183кө көбөйүп жалпы каза болгондордун саны 1791ге, вирус жугузган киши саны 269 440ка жогорулады.

Иракта вирустан 3 522 кишинин каза болгону, 86  148 кишинин вирус жугузганы белгиленди. Ковид  - 19дан улам коменданттык сааттар азайтылып, бир канча убакыттан бери жабык болгон аэропорттор менен соода борборлорун кайрадан ачуу чечими чыгарылды.  

Арап өлкөлөрүндө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун жана вирус жугузгандардын саны төмөнкүчө болду :

Оманда 290 киши каза болуп вирус жугузгандардын саны 62 574, Кувейтте 402 киши каза болуп, 57 668 киши вирус жугузган. Катарда болсо  152 киши каза болуп, 105  477 киши, Тунисте 50 киши каза болуп, 1327 киши вирус жугузган.

Руанда да 4 киши каза болуп, 1453 киши вирус жугузган.  Эпидемияга карата көрүлгөн чаралардын негизинде «жамаат менен ибадат кылууга тыюу салуу» жоюлуп, бардык ибадат жерлери кайрадан ачылды.

Жалпы Африка континентинде вирустан каза болгондордун саны 14029га, вирус жугузгандардын саны 646 973кө чыкты.

Ковид  - 19дан ушул кезге чейин Түштүк Африкада 4 453 киши каза болгон болсо,  Египетте 4067, Алжирде 1040 киши каза болду. Сейшеллдер, Эритрея жана Угандадан ушул кезге чейин өлүм  - житим отчету келген жок.

Жалпы Африкада вирус жуккан 335 800 киши ооруну жеңди.



Тектеш кабарлар