Сирияда режим күчтөрү 2 жаранды өлтүрдү

Сирияда Башар Асад режиминин Идлиб чыңалууну азайтуу аймагындагы ок атышпоо эрежесин бузду.

1455172
Сирияда режим күчтөрү 2 жаранды өлтүрдү

Сирияда Башар Асад режиминин Идлиб чыңалууну азайтуу аймагындагы ок атышпоо эрежесин бузуп, жарандык отурукташуу жерлерине жана фронт линияларына жасаган кол салууларында 2 жаран каза тапты алардын бирөөсү бала болгон.

Асад режиминин армиясы менен Иран колдогон чет элдик террордук топтордон турган  режим күчтөрү 5 – мартта  Президент Р. Т. Эрдоган менен  Россиянын президенти В. Путин тарабынан кол коюлган ок атышпоо келишиминин эрежелерин бузуп, артеллерия жана ракета менен Идлиб чыңалууну азайтуу аймагынын чектеринин ичиндеги Жебел Завийе аймагындагы айылдар менен Эриха районуна кол салды.

Идлиб жарандык коргоо булактарынан алынган маалыматка караганда Асад режиминин Эриха районуна жасаган кол салуусунда 2 жаран каза болду.

Аскердик оппозциячылдарга таандык учак байкоо үйүнүн билдиргенине караганда орус аскердик учактары да Элбара, Каферавид, Бинин менен Латакиянын түндүгүндөгү Кибейене айылдарына кеминде 10 жолу абадан кол салды.

 

 



Тектеш кабарлар