СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Коронавирустун жайылуусу дагы деле уланып жатат.

1454533
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) каза болгондордун саны  575 миң 641ден, ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны 13 миллион 241 миңден ашты. Айыгып кеткендердин саны 7 миллион 708 миң.

Бразилияда вирустан каза тапкандардын саны 72 миң 921ге, ооруга чалдыккандардын саны 1 миллион 887 миң 959га жетти.

Мексикада илдеттен көз жумгандардын саны 35 миң 491ге, жуктуруп алгандардын саны 304 миң 435ке көбөйдү.

138 миң 247ден ашуун адамдын каза болушуна, 3 миллион 479 миң кишинин ооруга чалдыгышына себеп болгон пандемиянын чордону Америка Кошмо Штаттарында (АКШ), вирус менен күрөшүүдө колдонулган масканын республикачыларга караганда демократтардын арасында эки эсе көп колдонулгандыгы айтылды. Gallup изилдөө компаниясынын сурамжылоосуна ылайык, демократтарды колдогондордун 94 пайызы сыртка чыкканда дайыма беткап колдонгондору белгиленсе, республикачыларда бул көрсөткүч 46 пайызды түздү.

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустун жаңы түрүнүн кесепетинен 13 киши көз жумуп жалпы 34 адам 967ге жетти. Бейтаптардын саны 13 миң 157ге кыскарган өлкөдө, бир күндө 169 адамга вирус жукту. Экинчи жагынан, өлкөнүн пандемиядан эң көп жабыркаган түндүк Ломбардия аймагындагы Ковид-19 курмандыктарынын жакындары тарабынан түзүлгөн "Биз нааразыбыз (Noi denunceremo)" деген аталыштагы топ, бүгүн Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Лейен жана Адам укуктары боюнча Европа сотунун башчысы Роперт Рагнар Спаного өз-өзүнчө кат жөнөтүп, Ломбардиядагы кылмыш ишин козгоону иликтөөнү талап кылды. Бул топ 10-июнда Бергамодогу Башкы прокуратурага барып, 50гө жакын кылмыш ишин козгогон болчу.

Францияда акыркы 3 күндүн ичинде пандемиянын кесепетинен 25 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 30 миң 29га,  ал эми инфекция жуккан адамдардын саны 24 сааттын ичинде 288ге көбөйүп, 206 миң 192ге жетти.



Тектеш кабарлар