Дмитрий Песков күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Азербайжан  - Армения чек арасындагы кагылышуулардан тынчсызданышкандарын белгилеп «тараптарды тынчтанууга» үндөдү.

1454993
Дмитрий Песков күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Азербайжан  - Армения чек арасындагы кагылышуулардан тынчсызданышкандарын белгилеп «тараптарды тынчтанууга» үндөдү. Песков борбор шаар Москвада күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.

Азербайжан  - Армения чек арасында болгон кагылышуулардан тынчсызданганын белгилеген Пескоав : «Тараптарды тынчтанууга жана ок атышпоо процессинин негизиндеги милдеттерине баш ийүүгө чакырабыз»,- деди.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээ Азербайжан менен Армения кесиптештери менен бул тууралуу телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн эске салган Песков арачылык кылууга даяр экендерин да баса белгиледи.

Бир тараптан Аясофиянын мечит катары ибадатка ачуу чечимине да токтолгон Песков : «Бул Түркиянын ички иштери. Буга аралаша албайбыз жана аралашууну ойлонбойбуз»,- деди.

Аясофиянын ЮНЕСКОнун мурасы катары коргоого алынышынын маанисине көңүлдөрдү бурган Песков түрк жетекчилеринин бул тууралуу билдирүүлөрүн ыраазычылык менен кабыл алышкандарын айтты.

 



Тектеш кабарлар