Грециянын качкындар үчүн ачкан лагерлери өтө жаман абалда

Германияда эфирге чыккан Der Spiegel кабарына караганда, Грециядагы качкындар лагерлерин кыдырган Ички иштер министрлигинин делегациясы отчет берди.

1453501
Грециянын качкындар үчүн ачкан лагерлери өтө жаман абалда

Грециядагы качкындар лагерлери авариялык абалда экендиги айтылууда.

Германияда эфирге чыккан Der Spiegel кабарына караганда, Грециядагы качкындар лагерлерин кыдырган Ички иштер министрлигинин делегациясы Федералдык Парламенттин Ички иштер комиссиясына берген отчетунда лагерлердеги кырдаал өтө начар деп билдирди.

Делегация мүчөлөрү кырдаалды "кырсык" деп мүнөздөшүп, бул жагдайга нааразычылыктарын билдиришти.

Отчетто айрыкча Самос аралында 650 кишиге даярдалган конушта 6 миңден ашуун адам болгону жана бул абал Европа стандарттарына дал келбегендиги белгиленди.

Отчетто, жашы жете электер лагерлерге жайгаштырылган, ал жерде даараткананын эшиктери жок, кыздар бир контейнерде жатышкан жана алардын буюмдары дагы жерде жатканы маалымдалган.

Der Spiegel баяндамасында Грецияда ден-соолугу начар 243 баланы туугандары менен Германияга алып барары баса белгиленди.



Тектеш кабарлар