Covid-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 568 миң 453төн  ашты.

1453693
Covid-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
londra kovid.jpg
brezilya kovid.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 568 миң 453төн  ашты жана 12 миллион 881 миңден ашуун киши вирусту жуктуруп алды. Айыгып кеткендердин саны 7 миллион 509 миңден ашты.

Ковид-19 эпидемиясынын чордону болгон АКШда (АКШ) 137 миң 418 адам каза болуп, инфекцияга чалдыккандардын саны 3 миллион 357 миң 206 адам болду.

Акыркы 24 саатта Бразилияда 1071 адам каза болуп, вируска байланыштуу каза болгондордун жалпы саны 71 миң 515 адамга көбөйдү, жуктуруп алгандардардын саны 39 миң 23 адамга көбөйүп 1 миллион 842 миң 127ге жетти.

Мексикада Ковид-19га байланыштуу каза болгондордун саны 539 адамга көбөйүп, 34 миң 730га, ал эми жуккан адамдардын саны 6 миң 94 адамга көбөйүп, 296 миң 268 болду.

Эпидемиянын Европадагы чордону болгон Улуу Британияда акыркы суткада 148 адам көз жумуп, Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 44 миң 798 адамга жетти. Бир күндүн ичинде оорулардын саны 820га көбөйүп, инфекция жуккандардын жалпы саны 288 миң 953 болду.

Акыркы 24 саатта Италияда коронавирустун жаңы түрүнүн кесепетинен 7 адамдын өмүрү кыйылып, жалпы каза болгондордун саны 34 миң 945 кишиге жетти. Бейтаптардын саны 125ке кыскарган өлкөдө бир күндө 188 жаңы жуккан учур катталды. Премьер-министр Жузеппе Конте, январь айында Ковид-19га байланыштуу жарыялаган 6 айлык өзгөчө кырдаалды жылдын аягына чейин узарта тургандарынын белгисин берди. Кечээ Сенаттын төрайымы Элизабетта Каселлатынын айтымында, өзгөчө кырдаалды дагы 6 айга узартуу маселеси талкууланат жана шейшемби күнү Сенатта добуш берилет.

Францияда акыркы 24 сааттын ичинде эпидемиянын кесепетинен 25 адам каза тапты, жалпы 30 миң 4 адам каза болду, инфекцияга чалдыккандардын саны 658ге көбөйүп, жалпы жуктуруп алгандардын саны 205 миң 904кө жетти.

5 миң 526 киши каза болгон Швецияда жуктуруп алгандардын саны 74 миңден ашты. Өлкөдө жашаган көп сандаган илимпоз, Швецияда ишке ашырылган үйүрү менен иммунитетти көтөрүү стратегиясынын ишке жарабай калгандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар